7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Панфилов паркынын 41,6 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке өттү

434

Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,072 гектар жер тилкеси Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2008-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары ишкердик субъектинин өкүлү менен тил табышып алып, Фрунзе көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесин ар кандай оюн-зоок жайларын долбоорлоо жана куруу үчүн жеке менчике мыйзамсыз бөлүп беришкендиги аныкталган.

Аталган жер тилкеси Панфилов паркынын аймагына таандык болуп, калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жери болуп эсептелинет. Бишкек шаарынын башкы планына жана Жер кодексине ылайык калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер тилкелери жеке менчикке берилбейт.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, жер тилкесин негизги менчик ээсине мыйзамсыз берүү фактысы далилденген. Бүгүнкү күнгө чейин аталган жер тилкеси бир нече жолу сатылып, акыркы менчик ээси М.С.У. аттуу жаран болжолдуу баасы 41 678 000 сом болгон жер тилкени муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүп берген.

Учурда бул фактыга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка тараптарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

435