7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Панфиловдо травматикалык тапанча менен эки адамга ок аткан шектүү кармалды

1058

Панфиловдо травматикалык тапанча менен эки адамга ок аткан шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-июлда ок атуучу куралдан 1991-жылы туулган И.А. менен 1997-жылы туулган Ш.Т.  жаракат алышып, ооруканага жаткырылышкан. Териштирүүдө, Орто-Кайырма айылындагы көчөлөрдүн биринен жабырлануучулар менен шектүүнүн ортосунда пикир келишпестик орун алган.

“Чүй облусунун ИИББдүн жана Панфилов РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга катыштыгы бар деген шек менен 1980-жылы туулган К.Н. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилип анын травматикалык тапанчасы алынды. Учурда окуянын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда”, — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1059