Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылды. Учурда ооруканада жаткандыгы айтылат.
26-июлда болжол менен эртең мененки саат 6ларда Бишкек – Ош унаа жолунун 217-чакырымында Toyota Alphard унаасынын айдоочусу уктап кетип, бетон тосмону сүзүп алган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Унаада жүргүнчү катары Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана дагы эки жүргүнчү болгон. Бир жүргүнчү К.Т. жандандыруу бөлүмүндө түшкөн. Ал эми вице-мэрдин абалы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү жүрүп жатат.