7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмомалинин карындашы өлгөн соң, балдары министрди, дарыгерлерди сабап салышты

15295

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч жээни дарыгерлерди жана Саламаттыкты сактоо министрлиги баш болгон чиновниктерди катуу сабап салышкан. Озоди радиосунун маалымат булактары окуя 20-июль күнү кечинде, Рахмондун карындашы Курбонби Рахмонова каза болгондон кийин болгонун кабарлашат.

Ур-токмоктун натыйжасында, Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык коргоо министри Жамолиддин Абдуллозода жана мамлекет башчысынын аткаруу кеңсесине караштуу Медициналык борбордун башчысы Холмахмад Рахимзода оор жаракаттарды алышкандыгын ИИМдин жана Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги атын атагысы келбеген булактар билдиришкен.

Бийлик Саламаттыкты сактоо министринин сабалышы боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Эске салсак, Эмомали Рахмондун карындашы Курбонби Рахмонова үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда каза тапкан. Маркум коронавируска чалдыгып, Тажикстандын президентинин аткаруу кеңсесине караштуу Медициналык борбордо дарыланып жаткан.

Аны дарылоо үчүн Германия, Орусия, Өзбекстандан тажрыйбалуу дарыгерлер чакырылган.

Озоди радиосунун булагы билдиргендей, маркумдун каза болоордон 2 саат мурун чет өлкөлүк дарыгерлер тажик кесиптештеринин дарылоо ыкмасы туура эмес экендигин айтышкан. “Дарыгерлердин бул корутундусу Курбонби Рахмонованын балдары: Фахриддин, Фаррух, Зиёдали Сафаровдордун нааразычылыгын жаратып, апасы каза болгондон кийин дарыгерлерге кол көтөтрүшкөн. Аларды президенттин уулу Рустам Эмомали гана тынчтандыра алган” – делет маалыматта.

Ур-токмоктон натыйжасында, Саламаттыкты сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода жаагына катуу сокку жеген. Медициналык борбордун башчысы Холмахмад Рахимзода башынан, ал эми калган дарыгерлер жеңил жаракаттарды алышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

15296