7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пара алууга шектелип «Манас» аэропортунун Ош филиалынын бажы кызматкерлери кармалды

884

«Манас» эл аралык аэропортунун Ош филиалынын бажы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде фискалдык жана контролдук-текшерүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылып жүргүзүлүп жатат.

«Манас» эл аралык аэропорту ААКтын Ош филиалынын бажы кызматкерлери тарабынан Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген авиакаттамдардын чет өлкөлүк жүргүнчүлөрүнөн ар кандай шылтоолор менен опузалап, пара алуу ишин туруктуу жолго салып алышкан кылмыш аныкталган. Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (пара алуу) боюнча каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн кызматкер кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилген, ал эми дагы бир кызматкер үй камагына чыккан.  Азыркы учурда аталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

885