7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Параолимпиада-2021. Айбек Жунушалиев Хайитхон Хусан кызына 100 миң сом акчалай сыйлык берди

1087

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев парадзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону Хайитхон Хусан кызына жана анын машыктыруучусу Канатбек Имияновго сыйлык тапшырды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Айбек Жунушалиев алардын жетишкендиктери менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Хайитхон Хусан кызы бүгүн Токиого жөнөп кетет. Жетишкендиктери үчүн спортчуга 100 миң сом, ал эми машыктыруучусуна 50 миң сом сертификат тапшырылды.

XVI Паралимпиадалык оюндар 24 -августтан 5 -сентябрга чейин Токиодо (Япония) өтөт. Лицензияларды эки спортчу утуп алды: Хайитхон Хусан кызы (паражудо) жана Арстанбек Базаркулов (пара-жеңил атлетика).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1088