7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Паратриатлон боюнча дүйнө чемпионуна 500 миң сом берилди

341

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону Жалалдин Абдувалиев менен жолугушту.

Спортчу үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда Испанияда өткөн турнирде PTVI (көзү начар көргөн спортчулар) категориясында паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону наамын жеңип алган.

Эдил Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын атынан Жалалдин Абдувалиевге, машыктыруучуларга акчалай сертификаттарды тапшырды. Ошондой эле, спортко берилгендиги, бүткүл коомго тартуулаган шыктандыруусу жана өлкөнүн эл аралык аренада татыктуу көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жалалдин Абдувалиев өз кезегинде мамлекет тарабынан параспортту өнүктүрүүгө көрсөтүлүп жаткан көңүл бурууга ыраазычылык билдирди. Ал республиканын жетекчилигинин колдоосу анын тырышчаактык менен машыгуусун улантууга, жаңы спорттук бийиктиктерге жетүүгө жана Кыргызстанды эл аралык аренада сыймыктануу менен көрсөтүүгө чоң мотивация берерин белгиледи.

342