7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Париж — 2024: Акула атыккан Акжолго кимдер атаандаш?

537

Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча катыша турган кыргызстандык балбандарга тиешелүү салмак категорияларды талдоону улантабыз. Бүгүн 77 килограммга чейинки балбандардан Акжол Махмудовдун жолун тосууга аттанган атаандаштары кимдер экенин, кимиси алтын медаль утуп алышы мүмкүндүгүн таразалап көрөлү.

Бул салмак категориясында дагы таланттуу жана күчтүү бир нече атаандаш бар. Бирок бизге Париждеги Олимпиада оюндарында жеңишке эң чоң мүмкүнчүлүккө ээ болгон, учурда табында турган үч негизги фаворит, талапкерди адистер айтып жатышат. Алар Акжол Махмудов, Малхас Амоян (Армения) жана Нао Кусака (Жапония).

Акжол Махмудов өз салмак категориясында олимпиадалык алтын үчүн негизги фаворит талапкер болуп саналат. Ал бир нече жылдан бери дүйнөлүк чемпионаттарда чеберчилиги менен таанылып, атаандаштарына үстөмдүк кылып келе жаткан дүйнөнүн эки жолку чемпиону жана Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси, Азиянын үч жолку чемпиону, 23 жашка чейинки дүйнөлүк чемпионаттын коло байгесинин ээси, Азия оюндарынын жеңүүчүсү.

Акжол эки агасын ээрчип, алты жашында күрөшкө аралашкан. Кийин уландар арасындагы Азия чемпиондугун эки ирет жана 2017-жылы өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугун жеңген. Махмудов 2016-жылы да өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болуп, 2017-жылы Тампереде өткөн уландар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болгон. 2018-жылкы Азия чемпионатында Махмудов 72 кг салмакта күч сынашып, Ахмад Махмуд Дашанды (12–2), андан кийин Кулдеп Маликти (8–0) жана Томохиро Иноуэни (7–0) жеңген.

Финалда ал күрөш боюнча 2017-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Демеу Жадраев менен кез келип, аны 8-6 эсебинде утуп, Азия чемпионатында чоңдор арасында алтын медаль утуп алган кыргызстандык эң жаш балбан аталган. 2018-жылы Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси болгон. 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын финалда венгриялык Тамас Лоринкке бир упай айырма менен утулуп, күмүш медаль тагынган. 2022-жылы Ислам тилектештик оюндарынын чемпиону болгон. 2022-2023-жылдары эки жолку дүйнө чемпиону аталган. 2023-жылы Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн Азия оюндарында алтын байгенин ээси болуп, бардык атаандаштарын артыкчылык менен уткан.

«Спорт мен үчүн эң мыкты мугалим жана турмуш мектеби. Ал жигитти эр азамат кылып тарбиялайт жана жашоодо максат коюп, ага жетүүнү үйрөтөт. Мыкты спортчу болуш үчүн биринчи кезекте жакшы мекенчил адам болуш керек. Ийгиликтерге жана жеңиштерге жетүү үчүн каалоо, бийик максаттар болушу зарыл. Спорттун аркасы менен мен максатыма кандай болбосун жетүүнү үйрөндүм. Ошондой эле эч качан көңүлүмдү чөгөрүп, башты жерге салбайм, эч качан спортту таштагым келген эмес. Ар дайым максатка умтулуу керек. Сиз дайыма эле жеңишке жете албайсыз. Спортто жеңиш менен катар эле жеңилген учурлар да болот. Ошондуктан бардык кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жеңүүгө күч-кубат жана каалоо керек. Ар бир спортчунун кыялы Олимпиада оюндарына катышып, жеңиштин бийик сересине көтөрүлүү. Олимпиаданын алтын медалы мен үчүн эң башкысы. Эгемен өлкөмө Парижде алтын байге тартуулоого бардык аракетимди, күч-кубатымды жумшайм,- дейт Акжол Махмудов.

Быйыл жазында Бишкекте өткөн Азия чемпионатында финалда Акжол япониялык Нао Кусакеден 4:2 эсебинде утулуп калганы ал үчүн сабак болду. Бирок буга чейин Дүйнө чемпионатында Акжол жарым финалда Кусакени 7:5 эсебинде утуп алган. Париж олимпиадасында экөө финалда беттешип калса, Бишкектеги каталыгын оңдоп, алтын медалды утуп алат деген ишеним зор. Жакында эле Польшада өткөн Эл аралык турнирде Акжол табында экенин далилдеп, бардык атаандаштарын артыкчылык менен утуп алды.

Негизги аттандаш жапон балбаны Нао Кусака

23 жаштагы таланттуу балбанды олимпиадалык алтын үчүн негизги талапкер катары эсептесек болот. Ал Азия чемпиону жана дүйнөлүк чемпионаттын коло байгесинин ээси. Быйыл Нао буга чейин негизди мелдештерде эки жолу жеңишке жетишкен. Бул анын Олимпиада оюндарына даярдыгынын мыктылыгын тастыктайт. Венгрияда өткөн акыркы турнирде ал быйыл дүйнөнүн вице-чемпиону Санан Сулеймановду утуп алган.

2017-жылы Нао Кусака Афинада өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионатында 5-орунду ээлеп, адистердин көңүлүн бурган. Бир жылдан кийин 2018-жылы Нью-Делиде өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында жана Жапониянын чемпионатында коло медалдарга ээ болгон. 2022-жылы Испаниянын Понтеведра шаарында 23 жашка чейинки жаштар арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта 3-орун үчүн күрөштө ирандык Мохаммад Реза Мохтерини жеңип, коло медаль тагынган.

2023-жылы Белградда өткөн чоңдор арасындагы дүйнөлүк чемпионатта коло медалга татыктуу болгон. 2024-жылы жазында Бишкекте өткөн Азия чемпионатында Акжол Махмудовду утуп, Азия чемпиону аталып, өзүнө болгон ишеними артып, Парижде алтын байгени мелжип турат.

Армениялык атаандаш

Акжолдун дагы бир негизги атаандашы армениялык Малхас Амоян. Ал Европанын үч жолку чемпиону жана дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси. Малхас бир нече жылдан бери Европада үстөмдүк кылып, лидердин бири болуп келатканы менен дүйнөлүк чемпионаттарда алтын байгеге жетпей келүүдө. Эки жыл мурун 77 килограммга чейинки салмак категориясына өтүп, бул аралыкта эки жолу дүйнөлүк чемпионатта коло медаль тагынган. Акыркы дүйнөлүк турнирде ал буга чейин Европа чемпионатында жеңген азербайжандык Санан Сулеймановдон жеңилип калган.

Малхастын техникалык даярдыгы жана физикалык күчү жогору. Анын акыркы жылдардагы жетишкендиктерин эске алсак, Парижде Олимпиаданын баш байгесине талапкердин бири десек болот. Ал 2017- 2018-жылдары 74 кг салмакта жаштар арасында Европа, дүйнө чемпионаттаныда байгелүү орундарды ээлеген. 2021-жылы жаштар арасында дүйнө жана Европа чемпиону аталган.

2022-жылдан бери ал 77 кг салмак категориясына өтүп, күч сынашып келүүдө. 2023-жылы Будапештте өткөн Европа чемпионатында бардык атаандашытарын артыкчылык менен утуп, алтын байгенин ээси болгон. Ошондой эле 2023-жылдын сентябрь айында Белградда өткөн дүйнөлүк чемпионатта биринчи беттеште венгриялык Золтан Леваи менен теңата күрөшүп, 3:3 эсебинде тең чыгып, упайдын артыкчылыгы менен жеңилип калган. Венгриялык балбан финалга чыккандан кийин коло үчүн күч сынашуу укугуна ээ болуп, швециялык Альбин Олофссонду (5:2), казакстандык Тамерлан Шадукаевди (2:2) жана сербиялык Виктор Немести (7:1) жеңип, коло медаль тагынган.

Азербайжандык атаандаш

Ошондой эле дүйнө чемпионаттарында эки жолку финалга чейин жетип, күмүш байге уткан, Европа чемпионатынын эки жолку коло байгесинин ээси азербайжандык Санан Сулейманов дагы оңой жоо эмес. Санан Амрах оглы 2012-жылдан бери грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештерге катышып келет. Өспүрүмдөр жана уландар арасында Европа чемпионатынын коло байге ээси. 2018-жылы Будапештте өткөн 23 жашка чейинки жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында финалга чейин жетип күмүш медалы тагынган. Финалдык беттеште ирандык балбан Гераиге утулуп калды. 2020-жылы Санан алтын медаль үчүн күрөштө венгриялык спортчу Золтан Левайды жеңип, Европа чемпиону аталган. 2022-жылы Дүйнө кубогунда командалык мелдеште 2-орунду ээлеген. Чучукулак жакшы түшсө, Сулейманов дагы байгелүү орунга аракет кылаары бышык.

Олимпиадада атаандаштын алсызы болбойт

Өзбекстандын намысын коргоп жүргөн Азия чемпионатынын эки жолку коло байге ээси жана дүйнө чемпионатында күмүш медаль уткан Арам Варданян дагы Парижде байгелүү орундарды мелжеп турган балбандардын бири. Ал 2016-жылы 66 килограммга чейинки салмак ченинде Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль тагынган. Эки жылдан кийин ал ийгилигин кайталап, Бишкекте өткөн Азия чемпионатында 72 килограммга чейинки салмакта үчүнчү орунду ээлеген.

2017-жылы 71 килограммга чейинки салмак ченинде Ашхабадда өткөн жабык имараттардагы Азия оюндарында коло медаль тагынган.

2019-жылы Казакстанда өткөн дүйнө чемпионатында 72 кг салмакта Арам финалда орусиялык балбан Абуязид Манзиговго утулуп, күмүш байгелүү болгон. Ыңгайы келип калса, ал дагы байгелүү орундар үчүн күрөшүүгө кудурети жетет.

Бул салмакта Пан-Американын үч жолку чемпиону, кубалык Йосвани Пена дагы талантуу балбандардын бири. Ал 2010-жылы Сингапурда өткөн өспүрүмдөрдүн жайкы Олимпиада оюндарында финалда азербайжандык Мурад Базаровго утулуп, күмүш медалга ээ болгон. 2021-жылдын март айында Оттавадагы Панамерикалык квалификациялык турнирде Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия утуп алып,Токио олимпиадасында 1/8 финалдык беттеште ирандык Мухаммадали Гераейге утулуп, 11-орун менен чектелген. Ал Панамериак оюндарында эки ирет коло байгелүү болуп, Панамерика чемпионаттарында үч жолу чемпион аталган. Кубалык балбандар бардык олимпиадалык оюндарда жарк этип, байгелүү орундага жетип жүргөнүн эске алсак, Йосвани дагы Акжолго атаандаштардын бири болуп калышы ыктымал.

Бул салмакта Панамерика чемпиону, колумбиялык Жаир Куэро да Париж олимпиадасына жолдомо алган. Ал 2013-жылы сентябрда Будапештте өткөн дүйнөлүк чемпионатта 14-орунду ээлеген. Панамерика оюндарынын күмүш байге ээси. Ошондой эле Панамерика чемпиону жана үч жолу күмүш, төрт ирет коло байге уткан балбан. 31 жаштагы бул жигит 2024-жылдын февралында Акапулькодо өткөн Панамерикалык Олимпиадалык квалификациялык турнирде Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына Колумбияга жолдомо утуп берген. Анын бир тууганы Убер Куэро Муноз жана эжеси Аиде Куэро Муньос дагы балбандар болуп саналат.

Орусиянын намысын коргой турган дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Сергей Кутузовдун дагы даярдыгы мыкты болчу. Тилекке каршы Орусиянын күрөш федерациясы балбандарынын багын байлап, Парижге жиберүүдөн баш тартты. Ошентип, саясый окуянын курмандыгы болгон Сергейдин төрт жылдык мээнети, талаага кетти.

Ошондой эле Акжолдун дагы бир тайрыйбалуу атаандаштарынын бири, Дүйнө жана Европа чемпиону, түркиялык Бурхан Акбулак болуп саналат. 29 жашка чыгып, баралына келип турган Бурхан 2022-жылы дүйнө чемпиону, 2023-жылы Европа чемпиону болгон. 2022-жылы Европа чемпионатынын жеңүүчүсү аталган. 82 килограмм салмакта күч сынашкан Бурхан Акбудак 2017-жылы Польшада 23 жашка чейинки жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. Ошол эле жылы Бакуда өткөн Ислам тилектештик оюндарында коло медалга ээ болгон. 2021-жылы Ослодо өткөн дүйнөлүк чемпионатта Бурхан финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган. Финалда ал азербайжандык Европа чемпиону, Олимпиаданын байге ээси Рафик Гусейновге утулган.

Ал 2022-жылы Будапештте өткөн Европа чемпионатында коло медалга ээ болгон. Белградда өткөн дүйнө чемпионатында финалда 82 кг салмакта өзбекстандык Жалгасбай Бердимуратовду 7:6 эсебинде жеңип, тарыхтагы алгачкы алтын медалын тагынды. 2024-жылдын апрель айында Бакуда өткөн европалык квалификациялык турнирде 77 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, өлкөсүнө Париж Олимпиада оюндарына лицензия утуп берген. Муну дагы Акжолго атаандаш болчу балбандардын бири катары байкап турушубуз зарыл.

Учурда Болгария өлкөсүнүн насымын коргоп жүргөн орусиялык балбан, теги армян Хайк Мнацаканян дүйнө жана Европа чемпионаттарында эки жолу коло медалдын ээси болгон. Ал Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу. Хайк 2018-жылы Будапештте өткөн дүйнөлүк чемпионатта 72 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль тагынган.

2019-жылдын апрель айында Бухарестте өткөн Европа чемпионатында дагы 72 килограмм салмакта коло байге уткан. 2019-жылы Казакстанда өткөн дүйнө чемпионатында 72 килограммга чейинки салмак ченинде жарым финалда өзбекстандык армян улутундагы балбан Арам Варданянга утулуп, коло медаль тагынган.

Акжолдун дагы бир атаандаштарынын бири, дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, венгриялык Левай Золтан 2000-жылдан бери күрөш менен алектенет. Ал өспүрүмдөр, уландар жана 23 жашка чейинки жаштар арасында Европа жана дүйнөлүк чемпионаттарында байгелүү орундарды ээлеген. 2016-жылы жаштар арасындагы Европа чемпиону болгон. 2017-жана 2019-жылдары 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Европа чемпионатында жеңишке жетишкен. 2020-жылы Италияда өткөн Европа чемпионатында 77 килограммга чейинки салмак категориясында Золтан алтын медаль үчүн күрөштө азербайжандык Санан Сулеймановго жеңилип, күмүш медаль тагынган. 2024-жылдын апрель айында Бакуда өткөн Европалык квалификациялык турнирде жарым финалга чыгып, Финляндиядан келген балбанга утулуп калган.

Алжирлик Абделкрим Оанкали дагы Париж олимпиадасына жолдомо алган балбандардын бири. Ал 2019- 2023-жылдагы Африка оюндарында жеңүүчү аталган. Ал Африканын эки жолку чемпиону болуп саналат. Үч жолу күмүш байге уткан. 2021-жылы ал 2021-жылы Олимпиадасына квалификациялык Африка-Океания турнирге катышып, Токио Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алууга үмүттөнгөн. Ал бул турнирде жолдомо ала албай, Болгариянын София шаарында өткөн Дүйнөлүк олимпиадалык тандоо турниринде да Олимпиадага жолдомо ала алган жок.

2022-жылы Марокконун Эль-Жадида шаарында өткөн Африка чемпионатында бардык атаандаштарын утуп, алтын медалга ээ болгон.

2015-жылы Допинг үчүн санкцияга туш болуп, фуросемидди колдонгону аныкталып,2015-жылдын 12-мартынан 2019-жылдын 11-мартына чейин мелдештерге катышууга тыюу салынган.

Африка оюндарынын жеңүүчүсү, египеттик Махмуд Халид Абд ал-Саттар Абдельрахман дагы Париж олимпиадасында бул салмакта күч сынашат. 2024-жылдын март айынын башында Аккрада өткөн Африка оюндарында ал финалда алжирдик Абделкрим Уакалиге утулуп, күмүш медалдын ээси болгон. 2024-жылдын 22-мартында Африка жана Океаниянын Олимпиадалык квалификациялык турнирде Париж олимпиадасына лицензия утуп алган.

Уландар жана жаштар арасында Европа чемпионаттарынын жеңүүчүсү, 22 жаштагы финляндиялык Жонни Сарккинен дагы Парижде багын сынап көрүү үчүн жолдомо утуп алуу менен даярдык көрүп жаткан балбандардын бири. Ал 2024-жылдын апрель айында Бакуда өткөн европалык квалификациялык турнирде 77 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, Париж Олимпиада оюндарына жолун ачкан .

2017-жылы Дүйнө чемпионатында 71 килограммга чейинки категорияда күмүш байге ээси, казакстандык Демеу Жадраев учурда 77 кг салмакта күч сынашып жүрөт. Ал 2018-жылы Азия чемпионатында 72 килограммга чейинки категорияда күмүш байге ээси болгон. 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу. 2017-жылы Дүйнө чемпионатында 71 килограммга чейинки категорияда финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.

Жаштар арасында Азия чемпиону, Азия оюндарынын 77 кг салмактагы күмүш байге ээси, ирандык Амин Кавияни Бишкекте өткөн Азия континенталдык лицензиялык турнирде кытайлык атаандашын жарым финалда жеңип, Парижге жолдомо алган. Ирандын күрөш мектебинен таалим-тарбия алган бул жигит дагы Парижде багын сынап, балким жолу болуп калышы дагы ыктымал.

Булак: BBC

538