Париждеги жайкы Олимпиадада кыргызстандык суучул Денис Петрашов брасс стилинде 200 метр аралыкка сүзүү боюнча 2 мүнөт 99 секундда марага жетип, жарым финалга чыкты.
Бул аралыкка жалпы 25 спортчу катышкан. Алар 4 топко бөлүнүп, Петрашов үчүнчү жарышта күчүн сынады.
Жарым финал 31-июлга караган түнү башталат.