7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Париж-2024. Бүгүн эки кыргызстандык спортчу күч сынашат

556

Париждеги жайкы Олимпиада оюндарынын жыйынтыктоочу күнүндө Кыргызстандын эки спортчусу мелдешке чыгат.

Айпери Медет кызы турнирде коло байге үчүн күрөшсө, жөө күлүк Сардана Трофимова марафондо чуркайт.

11-августтун жүгүртмөсү:

12:00 марафон Сардана Трофимова

15:00 көңүл жубатуучу беттештер жана медаль үчүн күрөштөр

76 кг салмакка чейин коло үчүн таймаш

Айпери Медет кызы — атаандашы аныктала элек.

Белгилей кетсек, Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышты.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Париж Олимпиадасынан 6 медаль — 2 күмүш, 4 коло бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, бокс боюнча 57 килограмм салмакта Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль жеңди, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов, 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков, 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова коло медаль утту. Муну менен Олимпиаданын тарыхында Кыргызстан 14 медалга ээ болуп калды.

557