7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парламентте картөшкөнүн баасы жана ооруканалардын курулушу боюнча маселе көтөрүлдү 

5

Чолпон-Ата жана Ананьев айылындагы ооруканалардын курулушу боюнча иштер токтоп турганын депутат Акылбек Түмөнбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мектеп жана бала бакчалардын курулушуна да каражат бөлүү маселеси чечиле элек. Депутат кийинки жумада курулуш тармагына жооптуу министрди парламентке чакырып, аймактардагы жүрүп жаткан иштер боюнча маалымат берүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, Түмөнбаев айыл чарба министрлиги менен монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын ишине байланыштуу маселе көтөрдү. Депутаттын маалыматына караганда Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунда дыйкандар картөшкөнү 13-20 сомдон сатууга аргасыз болсо, базарларда анын баасы 80-100 сомго чейин жетүүдө.

Буга байланыштуу ал тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн парламент жыйына чакырып, түшүндрмө жана отчёт угууну сунуштады.

Жогорку кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев көтөрүлгөн маселерди кароо үчүн кийинки жумадагы жыйынга айыл чарба, каржы жана курулуш министрлерин чакыруу тапшырмасын берди.

6