7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Европага түз каттамдар жыл аягына чейин ачылышы мүмкүн

6

Кыргызстан жылдын аягына чейин Европага түз авиакаттамдарды ачууну пландап жатат. Ал эми 2027-жылдын май айынан тарта бул багыттарга Asman Airlines дагы ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасынын жетекчиси  Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, учурда Европанын авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.  Каттамдар качан жана кайсы өлкөлөргө ачылары азырынча белгисиз.

«Биз жаңы жылга чейин дал ушул европалык ташуучуларды тартып, алардын Кыргызстан менен авиакаттамдарды ачуусун пландап жатабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 8-июнунда Кыргызстан 2006-жылдан бери турган Евробиримдиктин авиациялык кара тизмесинен чыгарылган. Андан кийин кыргызстандык авиакомпаниялар үчүн ЕБге каттамдарды аткарууга коюлган чектөөлөр алынган.

7