7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парламенттик шайлоого «шапкасын алмаштырып» кайра аттанган эски депутаттар

848

Азыркы депутаттардан кимдер кайра шайлоого аттанды? Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланган тизмеге көз чаптырып көрөлү!

  1. Жогорку кеңештин депутаты Искендер Матраимов Кара-Суу округунан өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен аттанды. Матраимовго атаандаш болуп Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев чыккан.
  2. Депутат Айбек Осмонов Ош округунан аттанды.
  3. Мурдагы депутаттардын Тазабек Икрамов дагы бир мандаттуу округдан аттанды. Ал Сузак районунан чыгып, атааңдаштары Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Жусупжан Жээнбеков жана жаңы жуздөрдөн адвокат, жеке ишкер, мугалим бар.
  4. Уялчаак депутат Камчыбек Жолдошбаев Ленин округунан өзүн-өзү көрсөтүу жолу менен катталды. Анын атандашынан, Бишкек шаардык кеңешинин экс депутаты жана төрагасы болгон Жаныбек Абиров бар.
  5. Жогорку кеңештин депутаты Дастан Бекешев дагы бир мандаттуу округдан ат салышууда. Ал катталган Октябрь округунан мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев, президенттин кеңешчиси Руслан Кыдырмышев жана башкалар бар.
  6. Тилинен жаңылып таанымал болгон депутат Дастан Жумабеков дагы бир мандаттуу Манас округунан аттанды.
  7.  Кайрадан шайлоого аттанган эски депутаттардын катарын Алтынбек Сулайманов толуктайт. Ал туулуп өскөн Ноокат районунан аттанууда.
  8. Жогорку кеңештин депутаты Канат Исаев дагы биринчилерден болуп Чүй-Кемин округунан аттанган. Атандаштарынан экс-депутат Анаш Сейтказиев жана мамлекеттик жетекчилик кызматта иштегендер бар.
  9. Эски депутат жана чириген картошка менен таанылган мурдагы айыл чара министри Нурбек Мурашев Ноокен округунан катышууда. Анын атаандаштарынын катарында дагы бир эски депутат, Манас аэропортунун мурдагы президенти Бактыбек Сыдыков жана күч түзүмдөрүнөн Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын экс-начальничи Раимберди Дүйшембиев, чек арачы Акылбек Арстанбековдор толуктайт.
  10. Ошондой эле, депуаттар Бактыбек Райымкулов Жайыл округунан, Азизбек Турсунбаев Ала-Бука округунан аттанышты.
  11. Депутат Самат Ибраев Жети-Өгүз округунан чыгууда, ага атаандаш катары БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдырахматова бар.
  12. VI чакырылыштын катарына жаңы гана кошулган Шайлообек Атазов Төлөйкөн округунан талапкерлигин койгон.
  13. Ал эми депутат Аалы Карашев Өзгөн округунан аттанган, ага мурдагы баш прокурор Эльмурза Сатыбалдиев дагы ушул округдан атаандаш болду.

Бул тизме азырынча токтой элек, талапкерлердин документтерин кабыл алуу 18-октябрга чейин уланат. БШК берген маалыматка ылайык бүгүн, 11-октябрга каратабир мандаттуу  шайлоо округунан талапкер катары өзү-өзү көрсөткөндөрдүн тизмеси 194төн ашты.

Ошол эле учурда партиялар да алгачкы курултайын өткөрүп, тизмесин бекитип жатат.

Макаланын автору: Роза Акматжан кызы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

849