Бүгүн, 11-октябрда Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун президенти болуп футболдук союздун кезексиз конгрессинде шайланды.
Маалыматка ылайык, КФСнын буга чейинки президенти Канатбек Маматовдун кызматтан кетүү тууралуу арызы кабыл алынган.
Сыдыковдун талапкерлиги үчүн 24 делегат, ал эми Султанов үчүн үч делегат добуш берген.
Эскерте кетсек, КФСнын президенттигине 2 адам ат салышкан. Бул уюмду 2012-2017-жылдар аралыгында башкарган Семетей Султанов жана КФСнын мурдагы Башкы катчысы Медербек Сыдыков.