7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөчө балдардын ата-энелерине өмүр бою айлык төлөө суранычы айтылууда

1240

Мүмкүнчүлугү чектелген балдарды караган ата-энелерге өмүр бою мамлекеттен айлык акы төлөп берүү суранычы айтылды.

Кыргызстанда бир нече жылдардан бери майыптыгы бар балдарды баккан энелерге же башка туугандарына “жеке ассистент” катары айлык акы төлөп берүү чечими кабыл алынган. Бирок, майыптыгы бар бала 18 жашка толгондо камкорчуга айлык акы төлөө токтотулат. Логикалык жактан алганда өзгөчө кароого муктаж балдар 18ге толгондон кийин, тескерисинче түйшүгү артат. Мындан улам, камкорчулардын айлык акысын андан ары улантып төлөп берүү керектиги айтылууда.

Ош шаарынын тургуну Гулия Кулованын небереси тубаса мүмкүнчүлугү чектелген. Султанбек Абдиев жалгыз кызынын баласы. Андыктан өзгөчө кароого муктаж 17 жаштагы неберенин жоопкерчилигин өз мойнуна алган. Өз алдынча кыймылдай албаган баланы жуунтуп. киринтип тамактандыруу түйшүгу бар. Мында 17 ге толгон эркек баланы ары бери көтөрүү жашы алтымышка таяп калган апа үчүн бир топ оорчулук жаратат. Анын айынан колун оорутуп алып, өзү да дарыланууга, бат-баттан дарыгердин көзөмөлүнө барууга туура келүүдө.

3-4 жыл мурда бизге мүмкүнчүлүгү чектелген баланы карап жатасыңар деп айлык катары 4 900 сомдон төлөнө баштаган. Бирок ал сумма бала 18жашка чыкканда токтоп каларын билген эмеспиз. Кантип эле, мен таң калып турам. Анткени мен неберемди 17 жашына чейин өзүм кенен-кесири карай алчумун. Азыр чоңоюп мага жардамчы керек, ага да айлык төлөшкө туура келет. Негизи майыптыгы бар баланы кароо бир түйшүк болсо, жетилген адамды кароо эки түйшүк. Ошондуктан 18 жашта токтотпой өмүр бою улантып төлөп берүүсүн суранат элем” – дейт Гулия Кулова.

Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тартып ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен майыптыгы бар балдарын ата-энелери мамлекеттик бюджеттен айлык ала башташкан. Мында мыйзамга багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистенти деген тушунүк киргизилген. үй-бүлөдөгү бир камкорчуга айлык акы 4900 сомду түзгөн жана айлык акы бекитилген күндөн бери көбөйтүлө элек.

Өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген 30 миңдей бала бар. Тилекке каршы анын ичинен 6 миң баланын гана ата-энеси же жакын тууганы жеке ассистент катары айлык алат. Анткени мамлекеттен айлык алуу учун «ар дайым багууга жана кароого муктаж» деген корутунду алуу керек. Мындан улам, ата-энелер айлык акыны баарына тегиз төлөп берүү, айрымдары суммасын көбөйтүү суранычы менен эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине кайрылып келишет.

Маалыматты Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы КУТТУБЕК АБДУЛЛАЕВ тастыктады. Анын айтымында мыйзам кабыл алынгандан бери эле майыптыгы бар балдардын ата-энелери жыл сайын эле кайрылышат. Маселени министрлер кабинети карай баштаган, оң жооп болуп калат деген үмүттө турушат.

Белгилей кетсек, 1-октябрдан тарта жөлөк пулдар 50 пайызга Ал эми январь аййынан тарта 100 пайызга көбөйтүлдү.  Мында ВИЧ-СПИД илдети менен төрөлгөндөр, ата-энесинен айрылгандар жана биринчи экинчи үчүнчү топтогу майып балдар тууралуу сөз болууда. Чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1241