Ош шаарынын мэриясына караштуу кызматтык унааны бей маал убакта көчөдө жүргөңү үчүн, автогараждын башчысына сөгүш берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Керимбек Калыкулов билдирди.
Мэриянын кызматтык унаасы бей маал убакта көчөдө турганын «Ынтымак» телекананын журналисти Мимоза Жаныбек кызы байкап, өздүк баракчасына чыгарган. Анын айтуусунда, вице-мэрди ташыган кызматтык унааны белгисиз 3 эркек киши минип жүргөн. Андан да кызыгы унаанын жанында жол күзөтчүлөр рейд жүргүзүп жаткан.
«Билишимче, мамлекеттик унааларды саат 20:00дөн кийин айдоого мүмкүн эмес эле. А бул унааны чартаңбай тээп, акылары бардай газды болушунча басып минип эле жүрүшөт. Ушул унаанын жанында «Бахус» рейди жүрүп атат«—деп жазат.
Бул билдирүүгө, мэриянын маалымат катчысы оперативдүү раекция берип, кызматтык иликтөө болоорун жазган. Бүгүн, 11-октябрь КРдин эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык автогараждын башчысы Турпаев Нурлан Абдимиталовичге сөгүш берилгенин билдирди.
Ошону менен бирге аталган кызматтын башчысы Н.Турпаев менен айдоочу Н.Жоробаевден түшүнүк кат жазып, 10- октябрь күнү 18:00дон 23:00го чейин кызматтык унааны оңдоп-түзөө үчүн жолго чыкканын себеп катары көрсөтүшкөн.