7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Партиялардын бюллетендеги катар номуру белгилүү болду

1139

Бүгүн, 30-октябь Борбордук шайлоо комиссиясы  парламенттик шайлоого аттанган саясий партияларга бюллетендеги катар номерлерин ыйгаруу үчүн чүчүкулак өткөрдү.  Чүчүкулакка партиянын өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда ачык өттү.

Ага ылайык шайлоого аттанган партиялар бюллетенге төмөндөгү катар менен жазылмак болду.

  • 1.  «Ата Мекен» партиясы,
  • 2. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы,
  • 3.  «Альянс»,
  • 4. «Легалайз»,
  • 5. «Ыйман Нуру»,
  • 6. «Күчтүү регион»,
  • 7. «Ордо»,
  • 8. «Ынтымак»,
  • 9. «Ишеним»,
  • 10.  «Азаттык»,
  • 12.  «Жашылдар»,
  • 13.  «Жашасын Кыргызстан»,
  • 14.  «Социал-демократтар»,
  • 16. «Кыргызстан биримдик патриоттук партиясы»,
  • 17.  «Улуттар биримдиги»,
  • 18. «Эл үмүтү»,
  • 20. «Улуу-Журт»,
  • 21. «Ата-Журт Кыргызстан»

Белгилей кетсек 28-ноябрда аралаш система менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык депутаттардын саны 120дан 90гө кыскарган. Анын  54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Үгүт иштери кечээ 29-октябрда башталды.

Президент Садыр Жапаров шайлоону таза өткөрүү үчүн баардык шарт түзүлүп, административдик ресурс колдонгон мамлекеттик кызматкерлерге көзөмөл катуу болоорун, кармалгандар иштен гана кетпестен, мыйзам алдында жооп берээрин эскертип келет.

Бул ирет мурдагыдай фаворит болгон бийликчил партия жок. Баарына бирдей шарт түзүү талабы бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1140