7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пенитенциардык системаны гумандаштыруу менен адилет коомду курабыз!

192

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров адилет, акыйкат коом куруу
далалатын сөз эмес, иш жүзүндө далилдөөгө аракет кылууда.


Учурда Кыргызстандын абак жайларында 9000ден ашык адам жаза
мөөнөттөрүн өтөшүүдө. Ошонун баары тең коомго коркунучтуу кылмышкерлер
эмес. Арасында жаштык кылганы бар, мастык кылганы бар. Ачууга алдырганы,
аргасыз уурулукка барганы да бар. Баласы ооруп, акчасы жок дарыканадан дары
уурдап, 5 жылга соттолуп кеткен токмоктук жигиттин окуясы коомчулукту катуу
ойго салган. Мындай мисалдар толуп жатат. 3 жылдан ашык абакта жаткан Садыр
Жапаров ушунун баарын өз көзү менен көрдү. Өзү сыяктуу айыпсыз соттолгондор,
болбогон эле кылмышы үчүн жылдап отургандар менен кенен-кесири сүйлөштү,
көпчүлүгүнө юридикалык жактан кеп-кеңешин айтып, жардам берип келгенин
билебиз. Бийликке келээр замат дал ушундай адилетсиздикке тушуккандарга кол
сунуп, өтө оор эмес айып менен соттологондорго, майда-барат тентектиги үчүн
жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга мунапыс жарыялап, 238 адамды эркиндикке
чыгарды. Алардын баары ырайым берүүчү атайын коммиссиянын кылдат
текшерүүсүнөн өтүп, көп балалуу энелерге, кары-картаңдарга, өспүрүмдөргө, оор
илдетке чалдыккандарга артыкчылык берилди. Садыр Жапаров коомдогу бул оор
көйгөйдү чечүүдө мунапыстык жараян менен гана чектелбестен, системалык
мамиле жасамакчы болууда. Анын шайлоо алдындагы платформасында бул
маселе ачык – айкын жазылган.


“Жаза кодексинин «оор эмес» статьяларын криминалдаштыруудан арылтуу.


«Оор эмес», анын ичинде, бир топ экономикалык статьялар боюнча
мөөнөттөрдү айып пул төлөө жана социалдык жактан өндүрүү («коомго
иштеп берүү») системасына алмаштыруу.


Пенитенциардык системаны гумандаштыруу. Шарттарды нормалдаштыруу,
камалгандардын санын кыскартуу, криминалдаштыруудан арылтылган
статьялар боюнча мунапыс жасоо, профилактикадан өткөрүү жана жаза
мөөнөтүн абакта эмес, күнөөсүн актаганга шарт түзүү”


Түрмө, өзгөчө Кыргызстандын абактары адамды оңолуу жолуна салганы өтө
сейрек көрүнүш. Тескерисинче ал жактан баңгиликке берилип, кылмыштуу
топтордун чырмоосуна чырмалып же ар кандай илдеттерди жуктуруп чыккан
далай аянычтуу тагдырларды угуп, билип жүрөбүз. Садыр Жапаровдун «оор
эмес» беренелерди криминалдаштыруудан арылтууга болгон позициясы
келечекте далай адамдын тагдырын оң жолго салып, коомду агрессия,
чыңалуудан арылтат деген ишеним чоң.


Дал ушундай гумандаштырууга барган Нидерландыда акыркы он жылда
кылмыштуулуктун саны кескин азайып, 19 түрмө аңгырап бош калган. Ал жактагы соттор оор эмес кылмышка баргандарды дароо эле абакка айдабай, коомдук
жумуштарга тартып, айып пул төлөтүүгө өткөн.


Нидерландынын пенитенциардык башкармалыгынын башчысы Анхелина
ван Дайктын айтымында жазалоо ыкмасы жумшаргандан тартып,
кылмыштуулуктун саны дагы азая баштаган. “Адамдар үчүн жазаны башка жол
менен өтөп, үй бүлөсүнүн курчоосунда жумушун жасап жүрө бергени өзүнө дагы,
мамлекетке дагы пайдалуу экен” – дейт ван Дайк.


Кыргызстанда кылмыштуулукка түрткөн дагы бир аргасыздык бар. Ал
балдар үйүнөн чыккан жеткинчектердин тагдыры. Балдар интернатын аяктагандар
дароо эле турмуштун ачуу чындыгы менен бет келип, жатаарга жери, ичээрге ашы
жок көчөдө калышат. Кара курсактын айынан уурулуукка барып, жашабай жатып
жашоосу кара түскө бөлөнөт. Садыр Жапаров ЖМКларга берген маектеринин
биринде: “Балдар үйүндө тарбиялангандарды 18ге чыкканда, “эми өзүң
жаша” деп көчөгө чыгарып коюп жатабыз. Алардын же туугандары жок. Ал
чыккандан кийин тамак-аш, кийим-кече уурдайт да түрмөгө камалып калат.
Мен отурган түрмөгө эле 11-классты бүтүргөн 5 бала түшкөн. Ошондой
балдарды да чыгардык. Жетим балдарга мындан кийин мамлекет көңүл
бурат, бул боюнча менин программамда да бар. Аны аткарабыз буюрса” –

деген.

Аткаруучу: « __7tv.kg_____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш.,Байтик Баатыр көчөсү 53;

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

2020-жылдын 23-декабрьда даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

193