1-ноябрдан тарта пенсионер, окуучулар коомдук транспортко канча сомдон төлөп калаары айтылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин маалымат катчысы Мээрим Керимканова билдирди.
«Эртең менен саат 8:00дөн кечки 21:00гө чейин маршруткалар пенсионерлерден 8 сом алат. Ал эми троллейбус, автобустарда шаардык пенсиондук күбөлүгү барлар акысыз жүрө алышат. Эгер андай күбөлүк болбосо, башка жүргүнчүлөр сыяктуу 11 сомдон төлөшөт», — деди Керимканова.
Мээрим Керимканова пенсионерлер үчүн маршруткаларда мурдагыдай 50 пайыз жеңилдик каралганын белгиледи.
Ал эми окуучулар үчүн эч кандай жеңилдик каралган эмес. Маалымат катчы мурда да алар үчүн жеңилдик болбогонун белгилеп, мектеп окуучулары катардагылардай эле 15 сом төлөп жүрөрүн кошумчалады. Болгону жети жашка чейинки бөбөктөрдөн жол кире алынбайт. Эгер ата-эне коомдук транспортко эки баласы менен түшсө, бирөө үчүн бир адамдын акысын төлөй турганы белгиленди.
Эске салсак, 1-ноябрдан тарта Бишкектеги коомдук транспорттордо жол кире кымбаттайт. Маршруткаларда баа 15 сом болсо, шаар тургундары автобус, троллейбустарга 11 сомдон төлөшөт.