7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: COVID-19 илдети кургак учукка карыш күрөштү бир топ артка тартты

499

Жалал-Абадда өткөн семинарда “Жалал-Абад облусу кургак учуксуз” стратегиялык иш планы талкууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдайт.

Анын айтымында, семинарга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Ырысбек Ызабеков, район-шаарлардын социалдык өнүгүү бөлүмдөрүнүн адистери жана медицина кызматкерлери катышышкан. Анда кургак учук менен ооруган бейтаптарга колдоо көрсөтүү, илдеттин алдын алуу, жаңы кабылгандарды аныктоо, дарылануу ниетин бекемдөө жана сапаттуу медициналык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо багытындагы маселелер талкууланды. Мындан сырткары ар бир аймакта ооруга чалдыккандардын укугун коргоо, ага карата тийиштүү иш аракеттердин жүрүшү боюнча маалымат берилди.

Ырысбек Ызабеков ушул жылдын алты айынын жыйынтыгы менен бир топ жылыштар бар экенин, бирок кургак учукка каршы күрөшүү аракеттери жеткиликтүү жүрбөй жатканын айтты. Ага кабылган жарандарга социалдык көмөк көрсөтүүгө жергиликтүү бюджеттерден жетиштүү деңгээлде каражат бөлүнүшү керектигин билдирди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда өткөн жылы кургак учук оорусу 614 адамда жаңы катталган. Адистердин айтымында, коронавирус инфекциясы кургак учукка каршы күрөштө жетишилген прогрессти бир топ артка тарткан. Мындан улам 2020-жылдан тарта илдетке каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттыруу максатында USAIDдин “Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо” долбоору менен облустык ыйгарым укуктуу өкүчүлчүлүгү тарабынан “Жалал-Абад облусу кургак учуксуз” стратегиясы иштелип чыккан. Ал Кыргызстандагы Улуттук Кызыл Ай Коому, “Доор” коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

500