Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин социалдык иш адистигинин студенттери, Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон, жалгыз бой энелерге азык-түлүк баштыгын тапшырышты. Бул тууралуу облус мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Жалал-Абад шаардык мэриясы карыяларга камкордук көрүү максатында 15-сентябрдан, 15-октябрга чейин бир айлык жарыялаган.