7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Бишкектеги үйүн кайтарымсыз негизде Мамипотекага өткөрүп берди

2245

Президент Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү бүгүн, 30-сентябрда, мурда Мамлекет башчысы өзү жашаган Бишкек шаарындагы үйүн кайтарымсыз негизде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров өткөрүлүп жаткан турак жайдын документтерин жеке өзү тапшырып жана «МИК» ААК башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөновага аталган кыймылсыз мүлктү көрсөтүп берди.

Президенттин айтымында, бул үйдү үй-бүлөсү менен 2005-жылы эле сатып алышкан. Кийинчерээк, 2010-жылдары башка жакка көчүп кетишип, үй ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келген.

Учурда «МИК» ААКсы банктар аркылуу иш алып барарын эске алганда, программа катышуучусу сатып алып жаткан кыймылсыз мүлктүн наркынын 10%дан кем эмесин төлөшү керек деген шарт бар. Келечекте баштапкы төлөмү жок жана ижарага алган турак жайды кийинчерээк сатып алууну караган механизмдер киргизилет. Программаны ишке ашырууну каржылоо жана акыркы пайыздык ченин төмөндөтүү максатында, Мамлекеттик ипотекалык компанияны 5 млрд сомдон ашуун суммага капиталдаштыруу жүрдү.

«Муну менен биз колунда бар, мүмкүнчүлүгү болгон кыргызстандыктарды колдоого чындап муктаж болгондорго жардам берүүгө чакыргыбыз келди. Көп адамдар үй сатып алуу үчүн чет өлкөгө иштегени кетип жатканы баарына маалым. Ошондуктан, шарттарды жеңилдетип, бардык жарандар үчүн иштеген ишине карабастан жеткиликтүү кылуу максатында ипотекалык насыя берүү программасын өзгөртүү чечими кабыл алынды», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент «МИК» ААКсы бул турак үйдү аукционго койсо, анда бул акчага жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программасынын алкагында 10 үй-бүлөнү батир менен камсыз кылууга мүмкүн болорун айтты.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы жарандардан келип түшкөн акчалай же кыймылсыз мүлк түрүндөгү бардык жардамдар  мамлекеттин көзөмөлүндө экенине жана бул маселе максималдуу ачык-айкын болоруна токтолду. Ошондой эле, коррупция үчүн соттолгондордон конфискацияланган кыймылсыз мүлк — турак жайлар да «ГИК» ААКсынын балансына которулат.

Маалымат үчүн: «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрында ишке кирген. Жаңы турак жай программасына катышкан жарандар төмөнкү багыттар боюнча ипотекага ээ боло алышат:

— «Жеңилдетилген ипотека» — 4% (мамлекеттик жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине);

— «Жеткиликтүү ипотека» 8% (жарандардын башка категориялары үчүн).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2246