Бишкектин таксисттери Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.
Маалыматка ылайык, алар кыргыз бийлигинен «Яндекс» такси-компаниясынын юридикалык макамын аныктоону жана өлкө аймагында анын өкүлчүлүгүнүн ачылышын талап кылышты.
Митингге чыккандар алар патент төлөп жаткандыктан кошумча 2 пайыз салык алуу адилетсиз деп эсептешкенин айтышкан. Алардын пикиринде салыкты айдоочулар эмес, «Яндекс» төлөшү керек.