7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пенсионерлердин акчасы эмне үчүн азайды? Соцфонддон жооп

945

Пенсияны массалык түрдө кыскартуу жок, айрым учурлар бар, бирок алар төлөө боюнча автоматтыштырылган тутумдун ишке киришине байланыштуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Социалдык фонддун коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө боюнча башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Муканбетов билдирген.

Анын айтымында, санариптештирүүнүн алкагында Соцфонд эсептешүү тутумун автоматташтырган.

“Ушуга байланыштуу пенсияны мурдагыдай суммада ала албай калган айрым учурлар бар, бирок массалык негизде мүнөздөлбөйт. Мурда пенсия колго берилип, адамдык фактор катышчу. Мүмкүн, мисалы 5 миң 100 сом чегерилчү, бирок азыр автоматтык тутум 5 миң сом пенсия чегерет, анткени бул туура эсеп. Автоматтык система пенсияны чегерүүнү мыйзамдарга ылайык келтирет экен”, — деди ал.

Мындан мурда социалдык тармактарда аз пенсия алып калган пенсионерлер тууралуу маалымат чыккан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

946