COVID-19га каршы Pfizer-BioNtech вакцинасы менен АКШда 5-11 жаштагы балдарды эмдөөгө жол ачылды.
Маалыматка ылайык, 2-ноябрда Өлкөнүн Илдеттерди көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун директору балдарга сайыла турган дозаны жактырып, дарыканалар менен педиатрларга тарата башташты.
Президент Жо Байден бул кадамды пандемияга каршы күрөштөгү «ири алга жылуу» деп сыпаттады. Шаршембиден тарта америкалык 28 миллиондой бала эмделе алат.
Ошондой эле Pfizer-BioNtech клиникалык сыноого таянып, алардын вакцинасы 5-11 жаштагы балдар арасында 90,7% эффективдүүлүктү көргөзгөн.
Эскерте кетсек, буга чейин Кытай, Куба жана Бириккен Араб Эмираттары жаш балдарды коронавируска каршы эмдөөгө уруксат беришкен.