Ырчы айым Асел Кадырбекова өзүнүн YouTube каналына «күмүш» баскычын алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
Анын айтымында, «Асел Кадырбекова» YouTube каналында катталуучуларынын саны 125 миңге жеткен.
«Ушунтип көптөн күткөн кнопка келди! Элиме чоң ыразычылык. Менин ютуб каналымды көрүп, катталгандарга өтө чооң рахмаатымды айтам. Бул биздин сыйлык!», — деп жазган ал.