COVID-19 вакцинасын сактоо жана таратуу үчүн 200гө жакын атайын муздаткычтар алынып келинет. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Маалыматка ылайык, октябрь айында муздаткычтар келмек, бирок чек ара пунктарында көйгөйлөр жаралып келбей калган.
Эскерте кетсек, муздаткычтар ЮНИСЕФ тарабынан акысыз берилет.