7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн Казакстандагы форумга катышат

217

Премьер-министр Улукбек Марипов «Almaty Digital Forum 2021» Форумуна жана Еразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтүүчү Еразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Еразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланат.

Иш-чаранын алкагында Өкмөт башчы Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Премьер-министр «Almaty Digital Forum 2021» Форумунун ишине катышмакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

218