Премьер-министр Улукбек Марипов каттоо кызматынын ишине карата аймактардан көптөгөн арыздар жана даттануулар түшүп жатканын белгиледи. Бул тууралуу өкмөт башчы Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлорунун ишин жакшыртуу жана санын көбөйтүү боюнча кеңешмеде айтты.
«Калктын муктаждыктары менен иштөөдө натыйжалуулукту жана айкындуулукту максималдуу камсыз кылуу, жүктөмдү азайтуу, мамлекеттик кызматтарды алууда жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ишине карата аймактардан көптөгөн арыздар жана даттануулар келип түшүүдө. Бир документ үчүн адамдар бир башынан экинчи четине чейин барууга аргасыз болушууда, райондордо документтерди берүүдө борборлоштуруу жок. Ошондуктан санариптик трансформациянын алкагында пландаштырылган бардык иш-чараларды тездетүү жана мурда белгиленген мөөнөттө аяктоо, инновациялык маалыматтык технологияларды киргизүү, көрсөтүлгөн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу өтө маанилүү», — деп тапшырды Улукбек Марипов.