7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Премьерликке талапкерлиги каралып жаткан Улукбек Марипов буга чейин эмне кызмат кылган?

247

Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин кароодо. Ал «Республика-Ата-Журт фракциясы» тарабынан сунушталган.


Марипов Улукбек буга чейин кайда жана ким болуп иштеген?

Марипов Улукбек Асамидинович 1979-жылдын 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында жарык дүйнөгө келген. Оштогу техникалык университетин аяктап, ОШМУнун финансы жана кредит, юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.


1997-жылы 2001-жылдары «Кызыл кетмен» дыйкан чарбасынын жетекчиси,
2001-2002-жылдары — КРдин Каржы министрлигинде жетектөөчү адис,
2002-2003-жылдары — Каржы министрлигинин кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы
2003-2005-жылдары Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы
2005-2006-жылдары ЖКдагы депутаттын консультанты
2006-2008-жылдары президенттин администрациясынын уюштуруу иштерин көзөмөлдөө жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн эксперти
2008-жылдын октябрь айынан 2009-жылдын октябрына чейин президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө мамалекеттик инспектор
2010-жылы КРнын ӨКМнин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси,
2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин КР өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу инспектордук жана аймактык башкаруу бөлүмүндө инспектор
2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын апрелине чейин КР президенттин жардамчысы
2015-жылы Улукбек Марипов КР президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары
2016-жылдан бери Эсептөө палатасынын төрагасы, мамлекеттеги кызматтын үчүнчү класстагы кеңешчиси, Мамлекеттик кызматтын отличниги


Ал эми атасы Асамидин Марипов Ноокат аймактык ооруканасынын башкы дарыгери болуп эмгектенет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

248