7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент 2010-жылдагы Ош коогалаңын иликтөө тапшырмасын УКМКга берди

2679

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке 2010-жылдагы Ош коогалаңын иликтөө тапшырмасын берди. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өлкө башчысы УКМКга жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө толук маалымат берүүнү, ошондой эле мыйзамдуулукту жана объективдүүлүктү сактоо менен тиешелүү чечимдерди кабыл алууну тапшырган.

2010-жылдын 10-июнь күнү кечинде Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү казинолордун биринде кыргыз-өзбек жаштарынын ортосунда чыр чыгып, ал улуттар аралык араздашууга алып келген. Бул бара-бара өлкөнүн түштүк аймагына жайылып, аймак алты күндөн ашык тынчыбай турган. Окуядан жүздөгөн адам каза таап, миңдеген адам жаракат алган. Нечендеген адам үй-жайсыз калган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече шектүү камакка алынып, бир канчасына сыртынан өкүм чыккан. Анткен менен иш ушул кезге дейре толук аягына чыкпай келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2680