7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент айрым мыйзам актыларга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду

408

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынган, коомго коркунуч жаратпайт деп таанылган жосундар, бузуулар, жоруктар үчүн Кыргызстандын аймагында 1961-жылга чейин колдонулган РСФСРдин Кылмыш-жаза кодексинин негизинде соттолгон адамдарды актоо каралган.

Мыйзамга ылайык саясий репрессиянын белгилери болуп 1917-жылдан тартып 1953-жылга чейинки мезгилде кабыл алынган актыларынан келип чыккан мазмунга жана маңызга жараша кылмыш-жаза жана/же администрациялык тартипте колдонуудагы негиздемелер боюнча бийликтин, башкаруу органдарынын, аткаруу органдарынын, советтик коомдук жана коомдук-саясий уюмдардын, анын ичинде партиялык, комсомолдук, профсоюздук жана кооперативдик уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдери саналат.

Ушуну менен бирге Мыйзамга ылайык Кыргызстандын аймагында аскер кызматына чакырылган жана аскер кызматчыларынын же командалык курамдын катарында Экинчи дүйнөлүк согушка жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан адамдын Мекенге жасаган чыккынчылыгы үчүн кылмыш иштеринин материалдарында жоопко тартуунун негиздүүлүгүн ырастаган далилдери бар адамдар акталууга жатпай тургандыгын белгилөө зарыл.

409