7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Акылбек Жапаровдун мурда кандай иштегендерин билем. Таза иштеп турса эле кетпейт»

669

Акылбек Жапаровго асылгандардын арасында “ал кетсе, ордуна мен бара калсам” деген топтор басымдуулук кылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

«Ооба, туура. “Акылбек кетсин!” дегендер карапайым калктын арасында да бар. Ким эле салыктын түрлөрүн көбөйтөм деген кишини жакшы көрсүн. Бирок Акылбек Жапаровго асылгандардын арасында “ал кетсе, ордуна мен бара калсам” деген топтор басымдуулук кылат. Ошолор блогерлерге, социалдык түйүндөргө жамандатып жаздыртып жатышат. Мен алардын кимдер экенин билем. Мурда кандай иштегендерин да билем. Акылбек Жапаров таза иштеп берип турса эле болду, кетпейт. Ансыз да 30 жылда 35 өкмөт башчы алмаштырып, Гиннес китебине киргендей болдук. Азыр мамлекеттик түзүлүш, мамлекетти башкаруу системасы мурдагыдай эмес, башкача. Албетте, мамлекет башчы катары анын ар бир кадамына тыкыр көз салып карап турам. Туура эмес кетип баратса, “бул жерден туура эмес кетип бара жатасыңар, Өкмөт, токтогула” деп жол көрсөтүп турам», — деди өлкө башчы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

670