7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Ардактуу мусулман бир туугандар! Курман айт майрамы менен куттуктаймын

707

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештер!

Ардактуу мусулман бир туугандар!

Баарыңыздарды мусулманчылыктагы эң чоң эки майрамдын бири Курман айт майрамы менен чын ниетимден куттуктаймын!

Курмандык чалуу амалдары менен өзгөчөлөнгөн, элдин биримдигин бекемдөөгө себепчи болгон бул майрам мусулмандардын руханий казынасында өзгөчө орунду ээлейт.

Курмандык – бул Жаратканга жакындоонун, анын буйрук-талаптарына моюн сунуп, напсиге азгырылбай, күйүмдүү болуунун белгиси. Анын маани-маңызы колунда бар жарандар менен муктаж болгондордун ортосунда көпүрө жаратып, алардын ортосунда мээримдүүлүк, боорукерлик сезимдерди жандантып, бири-бирине болгон сый-урматын бекемдөөдө жатат. Жоомарттык кылып, курмандык чалып, башка бир мекендешине майрам тартуулоо менен адамзатты ынтымакта, биримдикте, тынчтыкта жашоого үндөй турган өзгөчөлүккө ээ.

Мен дагы жалпы Кыргыз жарандарын Курман айт майрамында муктаж адамдардын кубанычына себепчи болууга чакырып кетем.

Ислам дининин баалуулуктары кылымдарды карыткан улуу кыргыз элинин улуттук каада-салттарына шайкеш келип, элибиздин руханий өнүгүүсүнө өбөлгө болууда.

Урматтуу момун мусулмандар!

Бүгүнкү күндө Мекке шаарында ажылык парздарын аткарып жүргөн мекендештерибиздин ибадаттары кабыл болуп, аман-эсен кайтып келишин тилек кылалы.

Чалынган курмандыктарды Жараткан Алла кабыл кылсын.

Ар кыл этностордон жана конфессиялардан турган ырыскылуу Кыргыз элинин биримдиги чыңдалып, бата-тилектер кабыл болуп, Ата Мекенибиздин өнүгүшүнө багытталган бардык ой-максаттарыбыз орундалсын.

Жараткан куттуу өлкөбүзгө бакубатчылык ыроолосун!

Айт майрамыңыздар маарек болсун!»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

708