7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Баткенге 1 миллиард сом бөлүнөт

187

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунда КММАнын окуу-дарылоо жана илимий комплексинин ачылышында Баткенге 1 миллиард сом бөлүнөрүн жарыялады.

Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта, Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Баткен шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңы окуу-дарылоо жана илимий комплексин жана өлкө боюнча онлайн режиминде 15 социалдык объекттерди ачты.

Мамлекет башчысы облустун таланттуу жаштарын өнүктүрүү, эл арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу үчүн Баткен шаардык мэриясына футбол комплексин курууга Мамлекеттик турукташтыруу фондунан 1 млрд сом акча каражаты бөлүнөрүн жарыя кылды.

Мындан тышкары ал облус борборун ар тараптан өнүктүрүү максаттарынын алкагында алдыдагы жылдары жаңы шаар куруу боюнча иш-пландар бар экенин да кошумчалады. Президент баткендиктерге кайрылуусунда күн менен түн теңелип, жаратылыш тегиз жанданып, жаңыланып жаткан мезгилди жар салган Нооруз майрамын утурлай чек аранын такталышына бир эле алар эмес, бүтүндөй Кыргызстан эли кубанып турганын айтты. Ал Кыргызстандын чеги Баткенден башталарын, мына ушул чек арада дүрбөлөң болсо, бүтүн Кыргызстанга доо кетерин белгиледи.

Президент чек аранын толук такталышы менен бул маселеге чекит коюлганына ишенимин билдирди. Ал көчүүгө туура келген баткендик туугандарды мамлекет көңүл сыртында калтырбарын айтты. Бийлик мыкты шарттары менен жаңы, заманбап үйлөрдү салып берүүнү өз мойнуна алат.

“Мындан ары кыргыз-тажик чек арасы – тынчтыктын, бейпилдиктин чек арасы, ынак коңшулук кызматташуунун чек арасы болот. Баткенде бейпил турмуш өкүм сүрүп, жалпы журтубуздун санаасы тынчыйт”, — деди мамлекет башчысы.

“2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүү улуттук программасынын алкагында “Аймактарды өнүктүрүү саясаты” концепциясын ишке ашыруу үчүн Баткен шаарына Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо жана илимий комплексин куруу демилгеленип, 2022-жылы пайдубалын түптөө үчүн мезгил кутусу салынган. Бул заманбап медициналык борбор компьютердик томография, санариптик рентген аппараты, ультрадобуштук жана эндоскопиялык изилдөө жабдыктары менен жабдылган.

Клиникада 76 орундуу стационар, 96 орундуу жатакана жана 160 кишиге ылайыкташтырылган заманбап конференц-зал бар. Клиниканын курулушуна 292 млн сом, ал эми медициналык жабдууларга 99 млн сом сарпталган.

“Баса белгилеп айта кетүүчү жагдай, бул клиниканын негизги артыкчылыктарына: окуу менен практиканын айкалышы – студенттердин профессорлордун жетекчилиги астында туруктуу жумуш менен камсыз болушу, жергиликтүү тургундар медициналык эксперттер тарабынан жогорку деңгээлдеги кеп-кеңештерди алышы кирет”, — деп баса белгиледи президент.

Садыр Жапаров жарым кылымдан ашуун мезгилден берки өлкөдө биринчи медициналык жогорку окуу жайы катары Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык окуу жайынын тарыхый лидерлик ролу азыркы күнгө чейин сакталып келатканын айтып өттү. Соңку жылдары Медакадемия өзгөчө макамга, кеңири укуктарга ээ болгон, ошол эле учурда чоң милдеттерди моюнга алган алдынкы беш ЖОЖдун катарына кирет.

188