7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды

587

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-сентябрда, Бишкекке жакын жайгашкан №73809 Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды.

Мамлекет башчысы аскер бөлүгүндөгү кызмат өтөө шарттары менен таанышып, командирлер жана жоокерлер менен баарлашты. Аскер бөлүгүнүн аймагындагы совет мезгилинде курулган имараттардын көбү бүгүнкү күндө бир топ эскирген.

Мамлекет башчысы кызмат өтөө шарттары менен таанышкан соң, жоокерлер клубунун жана бөлүк штабынын жаңы имараттарын куруп баштоону, ошондой эле казарма жайгашкан 4 кабаттуу имаратта оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Ошону менен бирге Жапаров бөлүктүн аймагында жакынкы аралыкта курулушун баштоо пландалып жаткан бала бакчанын курулушуна бөлүнгөн жер тилкесин дагы көрдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

588