7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Бишкекте ипотекага берилчү үйлөрдүн курулушун текшерип барды

682

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жарандарга берүү максатында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун жүрүшүн пландан тышкары инспекция кылды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Анын маалыматына караганда, мамлекет башчысына көп кабаттуу үйлөрдүн он бири толук бүткөрүлүп, келерки жылдын сентябрында колдонууга тапшырыла турганы маалымдалды.

«Он бир көп кабаттуу үйдүн ар бири 18 кабаттуу, анда жалпы 986 батир бар.

Курулуш жүрүп жаткан аймакта 39 көп кабаттуу үй курулат жана мамлекеттик ипотека программасы аркылуу жеңилдетилген шартта жарандарга берилет», — деди ал.

Садыр Жапаров курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керек экенин баса белгиледи.

683