7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылышына катышты

489

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында (Америка Кошмо Штаттары) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты.

Дебат башталар алдында Мамлекет башчысы жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин саламдашуу салтанаты болуп өттү.

Андан соң БУУнун Башкы катчысы дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышкан дебаттардын ачылышында баяндамасын жасады.

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Анын сүйлөгөн сөзү 24-сентябрдан 25-сентябрга караган түнү болжол менен Бишкек убактысы боюнча саат 02:00-03:00 чамасында күтүлүүдө.

Түз алып берүүнү УТРК каналынан жана социалдык тармактардан көрсө болот.

 

 

 

490