7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент ЕАЭБге кирген мамлекеттердин экономикасына оор жүк түшүп жатканын белгиледи

508

«Биздин евразиялык интеграцияга болгон бирдиктүү бекем берилгендигибиз Биримдиктин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн, евразиялык жана башка аймактык жана дүйнөлүк рыноктор ортосунда көпүрөлөрдү куруу үчүн бекем негиз болуп саналат», — деп Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) Төрагасы, КРнын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-декабрда, Бишкекте өтүп жаткан ЖЕЭКтин тар курамдагы отурумунда сүйлөгөн сөзүндө баса белгиледи.

Жыйынды ачып жатып, президент Садыр Жапаров өлкө лидерлери менен учурашып, соңку 3 жыл ичинде катышуучулар биринчи жолу бетме-бет жолугушууга жетишкени эң эле натыйжалуу жана жемиштүү болорун белгиледи.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ал Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын Президенти кызматына кириши менен дагы бир жолу куттуктап, Казакстандын башчысын шайлоо элдин толук ишенимин жана колдоосун көрсөткөнүн белгиледи.

Президент Садыр Жапаров мамлекет башчыларына кайрылып, бүгүнкү жыйын дүйнөлүк финансылык-экономикалык туруксуздуктун жана пандемиядан кийинки кризистин шартында өтүп жатканын, ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин экономикасына оор жүк түшүп жатканын баса белгиледи.

Ал мындай оор шарттарда мамлекеттердин ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүк үчүн мамлекет башчылары колдон келгендин баарын жасашы өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Жыйындын күн тартибинде Биримдик үчүн маанилүү жана актуалдуу маселелер турганын белгилеген президент Садыр Жапаров бардык катышуучуларга жемиштүү иштөөнү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

509