«Энергетика — стратегиялык маанидеги, ошону менен бирге көйгөйү көп тармак. Анын азыркы кейиштүү абалы өзгөчө көңүл бурууну, кечиктирилгис чукул чараларды көрүүнү талап кылат», — дейт өлкө башчы Садыр Жапаров, бүгүн, 21-апрелде энергетика тармагынын ардагерлери жана адистери менен болгон жолугушууда.
Мамлекет башчысы буга чейин бул тармакта проблемаларды чечкендин ордуна, тескерисинче, проблеманын үстүнө проблемалар үйүлүп, оңдоо иштерине деген шылтоо менен кредиттер алынып, акчалар тармакка жумшабастан уурдалып, бул секторго салынбай келгендиктен бүгүнкү күндө энергетикалык компаниялардын карызы 129 миллиард сомду түзүп, оңдолбой калган подстанциялар менен линиялар начар абалга келгенин баса белгиледи.
«Суунун башында олтуруп, электр энергиясын экспорттоочу эмес, импорттогон өлкөгө айланып калдык. Ушул тапта Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттоп жатабыз. Бул биз үчүн өтө уят көрүнүш», — дейт ал.