7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Көйгөйлөр өз маалында чечилбей, убакыттан кыйла уттурдук

503

«Электр энергиясын сырттан карыз албай, натыйжалуу тарифтик саясатты колдонуп, өз күчүбүз менен кризистен чыгып кетүүнүн жолдорун изделип жатат», — дейт өлкө башчы. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-апрелде энергетика тармагынын ардагерлери жана адистери менен болгон жолугушууда билдирди.

«Албетте, түшүнүгү тайыз, же жакшы түшүнүп турса да популисттик кылып, эл үчүн күйүп-бышкан саясатчы болуп көрүнгүсү келгендер ЖМК беттерин бербей, тариф саясатын сындап чыгышат. Анткени алар күзүндө өтө турган шайлоодо элдин добушун алуунун амалын издешет. «Саясатчы алдыда боло турган шайлоолорду эсепке алып ойлонот, ал эми мамлекеттик ишмер өлкөнүн келечегин гана ойлойт» деген учкул сөз бар. Андыктан, биз сиздер менен мамлекеттин келечеги үчүн коркпой иш алып бара берели. Жыйынтыгы жакшы болот. Кийин көпчүлүк эл рахматын гана айтат», — дейт ал.

Ошондой эле мамлекет башчысы, «Проблемалар өз маалында чечилбей, убакыттан кыйла уттурдук. Эскертип коёюн, биз эми мындай шалаакылыкка экинчи жол бербейбиз. Биз эптеп эле элди алдап, алагды кылуудан алыспыз. Ошол эле маалда, биз болжоп, пландаштырып жаткан энергосистемадагы реформалар эл-журтка оорчулук келтирбей, залалы тийбеши керек» — деп, бул максаттарды ишке ашырууга канчалык тез киришсек, суу таңкыстыгы, кычыраган кышкы суукта электр жарыгынын өчүп калышы сындуу терс көрүнүштөрдөн ошончолук бат арылууга болорун баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

504