7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Элге берген убадаларды акырындык менен аткарып келе жатабыз»

614

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Биринчи Элдик Курултай ишин улантууда. Бүгүн, 26-ноябрда анын ишинин экинчи күнү өтүп жатат.

«3 министр алмаштырдым эки жылда. Бирөөсү жоопкерчиликтен качкандыктан алмашты… Булардын баарын кызматка коёрдун алдында тазабы, таза эмеспи баарын карап коюп жатабыз. 30 жылдан бери түштүктөн 50 пайызы, түндүктөн 50 пайызы болсун деп келгенбиз. Мен андай саясатты эки жылдан бери келип эле жок кылгам. Мага ким жакшы иштейт, министрликти ким тартып берет ошону коем. 100 пайыз түштүктөн болобу, 100 пайыз түндүктөн болобу мага ал кызыктырбайт. Мындан ары ошондой саясат болот. Элге берген убадаларды акырындык менен аткарып келе жатабыз»,-деди президент делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып.

Белгилей кетсек, Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан миңден ашуун делегат, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү катышууда.

Делегаттар өздөрүнүн шайлоочулары жолдогон сөздөрүн айтып чыгууда, аймактарды жана айылдарды өнүктүрүү, экологияны жакшыртуу, коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин чечүү, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, чет жерде жашаган кыргызстандыктардын көйгөйлөрүнө байланышкан жана башка коомдук маанилүү маселелерди көтөрүп жатышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

615