7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Эми мектептерде ислам дининен башка дагы диндер окутулат

765

Кыргызстанда бир гана ислам дини эмес, башка бардык диндерди бирдей окутулат. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Садыр Жапаров маалымат жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, мектепке диндерди таануу, бир эле исламга басым жасап окутуу эмес, дин таануу, шариятты билүү боюнча сабак киргизсе болот.

“Тапшырма берилген. Себеби биздин коомчулук алты башка диний агым менен жүрүп жатабыз. “Бир эле кыргыз улутубуз, бир эле исламды кабыл алганбыз” дейбиз, бирок алты башка агым менен кетип жатабыз. Алардын мүчөлөрү жүз миң дегенге жетип калды бүгүн. Бул проблеманы мектептен баштап, тамырынан кыркышыбыз керек. Жалбырагы, бутагы менен күрөшө берсек алыбыз жетпейт. Ал үчүн мектептен баштап туура түшүнүк беришибиз керек. Ошондо 15-20 жылдан кийин таза коом алабыз. Отуз жылдан бери мээсине, денесине сиңирип алган ата-энелерди, балдарды 1-2 жылда буруш кыйын. Ошентип түздөп алсак болот. Ошого жетебиз Кудай буюрса”.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

766