7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасын колдоп барды

546

Президент Садыр Жапаров 26-мартта борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргыз Республикасынын жана Кытайдын Тайбэй улуттук курама командаларынын ортосундагы футболдук беттешке барды.

Матч 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өттү.

Кыргызстандын курама командасы 5:1 эсебинде жеңишке жетти. Оюнчуларды колдоо үчүн 13 миңден ашык күйөрман келди.

Оюн аяктагандан кийин Мамлекет башчысы Кыргызстандын футбол командасын ишенимдүү жеңиши менен кийим алмаштыруучу бөлмөсүнө барып, куттуктады.

Садыр Жапаров футболчулардын даярдык деңгээлин, машыктыруучу штабдын ишин жогору баалап, күйөрмандарга жагымдуу маанай тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент өлкөнүн улуттук курама командасы мындан ары да эл аралык мелдештерде ийгиликтерге жетишүүсүн каалады. Ал эми мамлекет өз кезегинде спортчуларга толук колдоо көрсөтөт.

Эскерте кетсек, 21-мартта Кыргызстандын курама командасы Кытайдын Тайбэй курамасы менен Гаосюн шаарында (Кытай Эл Республикасы) беттешкен. Анда оюн 2:0 эсебинде Кыргызстандын командасынын жеңиши менен аяктаган.

 

547