Бүгүн өлкөнүн тоолуу аймактарында жаан жаашы ыктымал. Калган региондордо жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 18…23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 20…25, Талас жергесинде 17…22, Ысык-Көл чөлкөмүндө 13…18, Нарын аймагында 11…16 градус болот.
Ал эми, Бишкек шаарында 20…22 жана Ош калаасында 23…25 градуска чейин жетет.
Иш күнүңүздөр ийгиликтүү өтсүн, окурман!