7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдык маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

596

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, Минкаб мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана президенттик Администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, ошондой эле тармактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өлкөнүн 2022-2023-жж. күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдыгы, анын ичинде калкка жана мекемелерге көмүр жеткирүү жана аларды көмүр менен камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев кеңешменин катышуучуларына экономика тармактарынын жана калктын күз-кыш мезгилине даярдыгынын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Маалымат уккандан кийин Мамлекет башчысы калктын жана экономиканын тармактарынын энергоресурстарга болгон муктаждыктарын өз убагында канааттандыруу зарылдыгын белгиледи. 

Президент Садыр Жапаров жылытуу мезгилинде өлкө калкы үчүн көмүрдүн баасынын ашыкча өсүшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ошону менен катар, көмүрдү темир жол транспорту менен ташуу үчүн жеңилдетилген тарифти колдонуу тапшырылды.

Ошондой эле, алдыдагы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн энергетикалык объектилерди реконструкциялоо жана куруу иштерин тыкыр көзөмөлгө алууну камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

597