7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Казакстанга иш сапар менен барат

381

Президент Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча 8-10-августта Астана шаарына Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн иш сапары менен барат.  Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Иш-чарага Борбордук Азиянын башка мамлекеттеринин башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат.

Астанада өтө турган Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусу жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммити көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечек пландарын талкуулоого багытталат, деп күтүлүүдө.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун саммиттин алкагында өткөрүлө турган “Борбордук Азия+Япония” бизнес-форумуна катышуусу пландаштырылууда”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

 

 

 

382