7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Кыйынчылыктарга карабастан пенсия-пособиени көтөрүп, куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүп жатабыз…

1068

Садыр Жапаровдун өлкөдөгү «Кымбатчылык» боюнча берген түшүндүрмөсү.

Коронавирус оорусу башталганы бир жарым жыл болду. Бардык өлкөлөргө эшиктер жабык. Соода-сатык жокко эсе. Ошон үчүн бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жатат. Албетте, мындай учурда салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшөт. Казына толбойт. Ошентсе да кымбатчылыкты токтотолу, бир чекте кармап туралы деп күнү-түнү алпурушуп жатабыз. Ковид менен күрөшүү тынымсыз уланууда. Казынадан акча бөлүп, вакцина сатып алдык. Айрым өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер вакцинаны жапа тырмак алгандан эринип, кайдыгерлик кылгандар да жок эмес. Эртерээк коронавирус токтосо, анан дүйнө мамлекеттерине эшиктер ачылат эмеспи. Албетте, анан кымбатчылык да басаңдайт эле. Ушунчалык кыйынчылыктарга карабастан, пенсия-пособие, эмгек акыларды көтөрүп жатабыз. Куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүп жатабыз. Жолдор жасалып жатат.

Ар бир жасаган ишибиз элдин, мамлекеттин, урпактарыбыздын кызыкчылыгы үчүн гана болот. Кылымдар өткөндөн кийин да бүгүнкү жасаган иштерибизге уялбай тургандай болобуз. Баары жакшы болот. Кам санабаңыздар. Убакыт керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1069