7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Кыргыз балбандары мыкты күрөшүп дайыма алдыңкы орундарды алып келет»

589

Президент Садыр Жапаров Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында байгелүү орундарды багындырган кыргыз балбандарын куттуктады.

«Кыргыз балбандары мыкты күрөшүп дайыма алдыңкы орундарды алып келет. Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында спортчуларыбыздын бир тобу байгелүү орундарга ээ болгонуна кыргыз эли сүйүнүп, бири-бири менен кубанычтарын тең бөлүшүүдө. Бул кубанычты тартуулагандар: алтын байге ээлери — Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков жана алтынга тете күмүш алган Үзүр Жусупбеков, коло байге ээлери — Роман Ким, Раззак Бейшекеев жана Адилхан Нурланбеков. Бул да болсо кыргыз спорту өнүгүп жатканынан кабар берет. Балбандарыбызды бул жеңиши менен жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктаймын! Ошону менен бирге алдыда килем үстүнө чыгып, өлкө намысын коргой турган кыздарыбызга ийгиликтерди каалап кетмекчимин»- деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында жалпы жети медаль утту. Күрөштүн бул түрү боюнча мелдеш 9-10-апрелде өтүп, анда кыргыз балбандары үч алтын, бир күмүш жана үч коло байге жеңди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

590