7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Кыргыз эли – адилетсиз башкарууга эгерим баш ийип көнбөгөн намысы бийик эл»

603

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, Март элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Урматтуу мекендештер!

Бүгүн өлкөбүздүн соңку тарыхындагы орчундуу окуя — Март элдик революциясына 18 жылдын жүзү болду.

Кыргыз эли көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин эркиндикке умтулуусун дүйнө жүзүнө бир нече ирет көрсөткөн, ал эми март революциясында бийликтин жалгыз булагы эл экенин тарых алдында дагы бир ирет тастыктап берди. Себеби кан-жанында эркиндик, эгемендик ойногон кыргыз эли – адилетсиз башкарууга эгерим баш ийип көнбөгөн эрки күчтүү, намысы бийик эл.

Биз Кыргызстандын эгемендик жылдарында өлкөбүздүн өнүгүү тарыхында бурулуш катары кирген олуттуу окуялардан дайым сабак алышыбыз кажет.

Башына түшкөн бардык кыйынчылыктарга карабай, биримдик, ынтымак аркылуу элибиз элдүүлүгүн жоготпой, акыйкат жолунан тайбай, кылымдарды карытып келет.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Геосаясий кырдаалдан улам дүйнө жүзүндө жаңы чакырыктар жаралып, экономикалык кыйын абал өкүм сүрүп турган чакта дагы да болсо ата-бабалар мурас кылган нарк-насилибизге, бир муштумга бириктирген биримдигибизге таянабыз.

Өлкөнүн ынтымагын жана туруктуулугун камсыз кылуу менен экономикабызды телчиктирип, улуттук өнүгүү жолунда алгалай беребиз.

Мекенибизде тынчтык өкүм сүрсүн, элибизде бакубатчылык жана ынтымак болсун!” — дейт өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

604